Бишкекте желимдөө жайларга эски шиналарды сатууга чектөө киргизилди

Бишкекте желимдөө жайларга турак жай жана мончолорду жылытууга

эски шиналарды сатууга чектөө киргизилди. Мэриядан билдиришкендей,

санитардык-экологиялык инспекция аталган жайлардын ар биринин

жоболорун тапшырууда. Анда мыйзам бузуулар 2 күндүн ичинде жоюлушу шарт.

Эрежени сактабаган жайлардын ээлери айыпка тартылат.

Мындан улам муниципалитет шаардыктарды шиналарды

сатып жаткан түйүндөр жөнүндө маалымат берүүгө чакырат.