Бишкекке жаңы автобустарды жеткирүүгө 7 компаниядан арыз келип түштү

Бишкекке жаңы автобустарды жеткирүүгө 7 компаниядан арыз келип түштү. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең комиссиянын атайын отуруму өтүп, анда арыздар ачылат. Эске салсак, тендердин эрежесине ылайык, автобустар жаратылыш же суютулган газ менен иштеп, 70тен кем эмес адамды батырышы керек.

 

Андан тышкары, аларда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн орундуктар болуусу шарт. Автобустарды сатып алууга шаар бюджетинен 650 миллион сом бөлүнөт.