Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарактан чыккан 140 үйдүн 60ы курулуп, 15ине үй ээлери киргизилди

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарактан чыккан

140 үйдүн 60ы курулуп, 15ине үй ээлери киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана

каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында,

турак жайлар жеңил конструкция менен тургузулду. Белгилеп кетсек,

чектеш аймактагы жарактан чыккан үйлөрдү Түркия куруп берүүдө.