Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба табы кескин жылыгандыктан, тоолуу райондордо кар массалары түшүшү мүмкүн. Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красна Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат унаа жолдорунда айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо кажет.