Бишкекте «Тулпар» электрондук картасын берүү убактылуу токтоду

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасын берүү убактылуу токтоду.

Мэриядан билдиришкендей, бул коомдук унаалар жүрбөй жаткандыгына байланыштуу.

Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы иштей баштаган.

Тагыраагы, жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес,

карта аркылуу төлөп жаткан. Ал эми коомдук унаалар өзгөчө абал режимине байланыштуу каттамга чыгусун токтотту.