Бишкекте 120 электробусту жеткирүү боюнча маселе талкууланды

Бишкекте 120 электробусту жеткирүү боюнча маселе талкууланды.

 

Мэрия маалыматына ылайык, Азиялык өнүктүрүү банкы бул максатта 25 миллион долларды жеңилдетилген насыя катары бөлүп берет.

 

Долбоордун алкагында ошондой эле троллейбус базаларындагы инфраструктураны модернизациялоо, “жашыл коридор” түзүү каралууда. Андан тышкары, кызматкерлер жаңы транспортту тейлөө үчүн атайын даярдыктан өтөт.