Чет өлкөдөн 526 кыргызстандык мекенге кайтып келет.
Аларды тосуп алуу, текшерүү жана обсервацияга жайгаштыруу маселелери талкууланды,
деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында,
бүгүн Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргызстандык келет.
Ал эми 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 350 жаран келери пландалды.
Алардын бардыгы Бишкекте обсервацияга алынат. Эске салсак, коронавируска
байланыштуу чет өлкөдө аба каттамдар токтогонуктан, биздин мекендештер келе албай калышкан