Бириккен Араб Эмирлигинен мекендештер өлкөгө жеткирилди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 159 жаранга
Дубай – Бишкек чартердик каттам уюштурулду. Бул учак менен АКШ,
Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея, Вьетнам, Япония,
Мальдив жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар келишти.
Жарандар аба майданга кирерден мурда коронавируска тест тапшырышты.
Анын жыйынтыгы вирустун жок экендигин көрсөттү.