Бишкекте №6шаардык клиникалык оорукана ачылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей,
медициналык мекеме терапиялык, кардиологиялык, неврологиялык оорулууларды кабыл алууда.
Эгер вирус күчөп кетсе COVID-19 жуккандарды да кабыл алат. Эске салсак, августтун аягында
аталган оорукана оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Бирок,
каражаттын жетишсиздигинен ремонт кийинки жылга жылдырылды.