Бишкекте атактуу казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик орнотулат

Бишкекте атактуу казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик орнотулат. Өз кезегинде, Казакстандын ордо калаасы Нур-Султанда Манастын айкели пайда болот. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

 

Анын айтымында, мындай макулдашуу коңшу өлкөнүн делегациясы менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда жетишилди. Эстеликтерди орнотуу орду жакынкы арада аныкталат.