Саймалуу-Таштагы петроглифтер жайгашкан аймакта коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксат берилген эмес.
Бул тууралуу “Кабарга” Маданият министри Азамат Жамангулов билдирет. Анын айтымында,
бул маселени чечүү үчүн министрлик милицияга кайрылууда. Саймалуу-Таш тарыхый объектилердин
тизмесине киргизиле элек. Белгилеп кетсек, соцтармактарда түркиялык сүрөтчү
Зафер Динжердин (Zafer Dincer) Саймалуу-Таштагы петроглифтердин
талкаланышы тууралуу жарыялаган фото жана видеолору талкууланууда.