Бишкекте үй буюмдарын өндүргөн завод ишке кирди

Бишкекте үй буюмдарын өндүргөн завод ишке кирди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Андан белгилешкендей, Борбор Азия боюнча бул тармактагы эң ири заводдо сыналгы антенналары, кир кургаткыч, үтүк такталары жана металл, текстиль товарлары чыгарылат.

 

Ишкананын жалпы аянты 2,5 гектарга жетип, 150 адам жаңы жумуш орду менен камсыздалды. Завод кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.