Кыргызстанда быйыл 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда.
Билим берүү министрлигинен маалым болгондой, быйыл декабрга чейин Баткен жана Ош облустарындагы мектепке чейинки билим берүүчү 100 объектте оңдоо-куруу иштери жүргүзүлөт.
Кыска мөөнөттүү бала бакчада 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарга өнүгүү, окутуу жана социалдашуу кызматтары көрсөтүлөт.
Мындай жамааттык мектепке чейинки мекемеде бөбөк 3 саат болот, ал жерде балдардын тамактануусу жана уктоосу каралган эмес.