Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 12-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт.
Мэриядан билдиришкендей, келаткан дүйшөмбүдөн тартып алгач мамлекеттик
мекемелерге жылуулук бериле баштайт. Алардын катарында мектептер да бар.
Муниципалитеттен белгилешкендей, пандемияга байланыштуу
жылуулук үчүн төлөмдүн баасы төмөндөтүлдү.