Бишкекте үйү толугу менен күйүп кеткен үй-бүлөгө калаа бийлиги жардам берет

Бишкекте үйү толугу менен күйүп кеткен үй-бүлөгө калаа бийлиги жардам берет. Каргаша Бакай-Ата конушундагы көп балалуу үй-бүлөдө катталды. 17-ноябрга караган түнү турак-жайдагы жылыткыч жарылып кеткен.

 

Тилсиз жоо үйдү, андагы оокаттарды, эмеректи, документтерди жана кийим-кечени жок кылды. 3 баласы менен ата-эне баш калкалоочу жайы жок калды. Бишкек мэриясы документтерди калыбына келтирүүгө жардам берет. Учурда аларга акчалай колдоо көрсөтүү суроосу дагы чечилип жатат.