Баткен облусуна жакынкы арада өзгөчө макам берилет

Баткен облусуна жакынкы арада өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, өзгөчө макам башка артыкчылыктардан тышкары, салык преференцияларын дагы берет.

 

Баткенде жараксыз абалга келген үйлөр мамлекет эсебинен калыбына келтирилет, — деди Марипов.

 

Кеп, Баткен районундагы 30 жана Лейлек районундагы 70 талкаланган үйлөр тууралуу болуп жатат. Учурга карата комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.