Президенттикке талапкерлердин арасынан 12си жарыштан четтеди

Президенттикке талапкерлердин арасынан 12си жарыштан четтеди. Боршайкомдон билдиришкендей, алардын документтери текшерүүдөн кийин кайтарылды. 3 талапкер соттолгон болуп чыкса, тогузу “Кыргызтесттин” сертификатын тапшырган эмес.

 

Муну менен президенттикке учурда 51 адам талапкер болууда. Учурга карата БШК талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттап жатат.

 

Андан кийин алар 30 миңден кем эмес адамдын кол тамгасы менен барактарын комиссияга 3-декабрга чейин тапшырышы керек.