Бишкекте эртең Айт намазга байланыштуу бир катар көчөлөр кыймылга жабылат

Бишкекте эртең Айт намазга байланыштуу бир катар көчөлөр кыймылга жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-майда таңкы саат 4төн 8ге чейин Фрунзе, Чүй, Панфилов, Логвиненко жана Тыныстанов көчөлөрүн бириктирген тилке тосулат.

 

Муниципалитет тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алууну сунуштайт.