Баткенде жеке коргонуучу каражаттар чыгарыла баштады

Баткенде жеке коргонуучу каражаттар чыгарыла баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарындагы текстиль фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Фабрика заманбап жабдуулар менен камсыздалып, айына 500 миңге чейин товар өндүрөт.

 

Азыркы учурда 350 киши жумуш орду менен камсыз болгон. Келечекте бул санды 500гө чейин көбөйтүү пландалууда. Чыгарылган продукциялардын негизги бөлүгү Россияга экспорттолуп жатат.