Ордо калаада калк каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат

Ордо калаада калк каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча 4 миң убактылуу кызматкер эл каттоого тартылат.

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак жай каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин болот.

Каттоодон Кыргызстандын бардык жарандары, анын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор, ошондой эле бир жылдан ашык эмес чет өлкөдө жүргөн жарандары өткөрүлөт. Чогултулган маалыматтар өлкө боюнча жана бүткүл ЕАЭБ ичинде толук кандуу экономикалык, демографиялык жана социалдык болжолдоо үчүн зарыл.