Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга азырынча негиз жок

Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга азырынча негиз жок. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, ооруканаларда орундар жетиштүү, бейтаптардын саны арбын эмес.

 

Белгилеп кетсек, эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда ачылган стационарлар кайра жабылып, жабдуулар сактоочу жайга жеткирилген.