Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстан жарандарынын паспортторунун мөөнөтү узартылды

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстан жарандарынын паспортторунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

 

Анын айтымында, 2020-жылдын 19-майында кабыл алынган өкмөттүн токтому чет жактагы кыргызстандыктарга тиешелүү. Өлкөдөгү жарандарга документтин тиешеси жок, — деп белгиледи Тилек Жээмбаев.