Сицилияда өзгөчө мыйзам кабыл алынды

Сицилияда өзгөчө мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, айдын биринчи жана үчүнчү жекшембисинде нан жабууга тыюу салынды.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, бул күндөрү дүкөндөрдө нан сатыла берет, болгону наабайканалар жаңысын жаппашы керек.

 

Болбосо, 400 евро айып салынат. Эрежелер Сицилияда жекшембиде нан аз сатылып, катып калган учурлар көп болуп, ысырапкорчулук катталганына байланыштуу киргизилди.