Ордо калаада 600 аз камсыздалган үй-бүлө отун менен камсыздалды. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык линиясы менен аларга 1 ми 300 кубометр отун тапшырылган.
Андан тышкары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы көмүр сатып алууга каражат бөлүп берди. Бул максатта 19,9 миллион сом каралган. Бул суммага 3 миң 469 үй-бүлөгө кара отун тапшырылды.