Бишкекте каттоосу жок жарандар иштеген же жашаган жеринен маалымкат алышы шарт

Бишкекте каттоосу жок жарандар иштеген же жашаган жеринен

маалымкат алышы шарт. Бул тууралуу вице-мэр, Бишкек комендантынын

орун басары Азизбек Алымкулов билдирди. Белгилей кетсек,

бүгүндөн тарта борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Шаардыктар күндүз маршруттук баракчанын негизинде оорукана,

дарыкана жана дүкөнгө гана бара алат. Башка жакта каттоого тургандар

ишкана жетекчилигинен мекеме кызматкери экенин

тастыктаган маалымкат алышы керек.