Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга жогорулады.
Буга чейин бир кызматкердин айлыгы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө,
жогорулагандан кийин ал 19 миң сом болду. Эске салсак, 2019-жылдын 25-июлунда
«Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.
Эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, ал эми региондо болсо
7 миң 500 сом төлөнөт. Ошондой эле 3-февралдан баштап ички иштер органдарына
кызматка киргендер жана кызмат өтөгөндөр менен келишим түзүлөт.