Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окутулат

Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окутулат.

Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Исаков кол койду.

Ага ылайык, дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен

окутулар уюштурулат. Жаңычылдыкты колдонуу боюнча мугалимдер

усулдук жардам уюштурууга милдеттендирилди. Мындан сырткары,

билим берүү мекемелеринин жетекчилери бардык курстардын студенттери

үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр

үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү

боюнча сунуштарын 30-мартка чейин ведомствого берүүсү керек.