Өзгөчө абал учурунда тамак-аш жеткирүү кызматы иштей берет.
Бул тууралуу вице-мэр, Бишкектеги коменданттын орун басары
Азизбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, чалуу кызматы
аркылуу тамак-ашка буйрутма кылуу эртең мененки саат 7ден
кечки 8ге чейин иштейт. Ал эми кафе жана ресторандар иштебейт.
Ал эми өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин күчүндө болот.