Бишкекте коомдук унаалар кышкы графикке өттү

Бишкекте коомдук унаалар кышкы графикке өттү.

Күн сууктаганына байланыштуу автобус менен троллейбустардын иштөө

графиги узартылды, — деп билдиришти мэриядан. Белгилүү болгондой,

эми муниципалдык коомдук унаалар күн сайын түнкү саат 10го чейин

жүргүнчүлөрдү ташыйт. Каттамдарды 11 багыт боюнча 80 автобус жана

11 линия боюнча 100дөн ашык троллейбус тейлеп жатат. Мэриядан

кошумчалашкандай, коомдук унаалардын аралыгы созулуп жатканы

көчөлөрдө машинелер көп болуп, тыгын жаралып жатканына байланыштуу.