Бишкекте коронавируска байланыштуу кырдаал туруктуу

Бишкекте коронавируска байланыштуу кырдаал туруктуу.

Бул тууралуу мэриядагы жыйында мамлекеттик эпидемиологиялык

көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, ордо калаа учурда жашыл зонада. Өз кезегинде

калаа мэри Айбек Жунушалиев белгилегендей, ковидге карата

вакцинациянын жүрүү темпи жай болууда. Вице-мэрге жана

4 райондун акимдерине Бишкектин жашоочуларына вакцина алуу

маанилүү экенин түшүндүрүп, иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.