Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

1-7-апрель күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.

 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ал достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн, жумушчу топтор эми Тажикстандын аймагында чогуларын билдирди.

 

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору 10-16-марттын аралыгында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келүүдө.