Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара түйүнүн жабуу жөнүндө протокол — убактылуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара түйүнүн жабуу жөнүндө протокол убактылуу. УКМКдан билдиришкендей, ал чектеш аймакты делимитация жана демаркация процесси толугу менен аяктаганча күчүндө болот.

 

Атайын кызматтан белгилешкендей, учурда чек араны эки тараптын көчмө чек ара отряддары кайтарууда. Алар чек ара периметринин макулдашылган каттамдары боюнча гана кызмат өтөт жатат.

 

Протоколго ылайык, бул тилкелерде Кыргызстан жана Тажикстандык калк жашаган түйүндөрү болбошу керек. Эске салсак, эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттери ортосунда протоколго кол коюлуп, анын алкагында 4 чек ара заставасы жабылат.