ЖККУ катчылыгы кыргыз-тажик чек арасында бекеттердин алынышын кубаттады

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага байланыштуу соңку протоколу тууралуу комментарий берди. Уюмдун расмий сайтына жарыялаган маалыматта «бул документ чек арадагы аймактарда чагымчыл аракеттердин алдын алуу, жаңжалдарды болтурбоо жана тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуу максатында кол коюлган. Тараптардын чек араны тактоону тездетүү макулдашууларын оң баалайбыз. Талаштуу маселелерди күч менен эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечүү керек»,- деп жазылган.

25-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов эки тараптан чек арадагы төрттөн постту алууну макулдашкан.

Документке ылайык, Кыргызстан «Тамдык» чек ара бекети, «Булак-Башы», «Катта-Туз», «Ак-Сай» посттору, ал эми Тажикстан «Бедак» чек ара бекети, «Кех», «Каракчикум» жана Кожалыдагы «Шаршара» постун алып салат.

Посттор алынган соң чек араны кайтаруу ары-бери каттаган кезметтерге жүктөлөт.

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү таратып, президенттен анын кызматтан алынышын талап кылган.

УКМКнын төрагасы БДКнын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында ал чек арага байланыштуу соңку чечимдерди сындагандарды коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатат деп айыптаган.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.