Бишкекте кыштын илеби эртең сезилип баштайт

Бишкекте кыштын илеби эртең сезилип баштайт. Ордо калаага суук түшөт. Аба табы -3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Андыктан, айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө этият болуу сунушталат.

 

Унаа ээлери эртелеп дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек. Машинелер ортосундагы тиешелүү коопсуз аралыкты сактоо маанилүү.