Ызгаардуу сууктан кийин Бишкек жана Чүйгө бир аз жылуу аба-ырайы келет

Ызгаардуу сууктан кийин Бишкек жана Чүйгө бир аз жылуу аба-ырайы келет. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 10-январга чейин ордо калаа аймагында суук болот.

 

Буга Сибирь жана Түндүк Казакстандан келген циклон себепкер. Ал эми жекшембиден тарта аба табы көтөрүлүп отуруп, эмки жумада термометр мамычалары + белгисин көрсөтүп баштайт. Мындай жылуу аба-ырайы 15-январга чейин созулат.