Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 6-ноябрда саат 08:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында 3 балл, ал эми Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.