Кыргызстан россиялыктардын өзүнүн аймагына кириши боюнча беш жылдык рекордун жаңыртты. Бул тууралуу РБК ФСБнын маалыматтарына таянып билдирди. Ага ылайык, 2022-жылдын июлунан сентябрына чейин россиялыктар Кыргызстанга 167 миң жолу киргени катталды.
Бул сан өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 92 пайызга көп.