Бишкекте медицина кызматкерлерине арналган граффити пайда болду

 

Чоң сүрөт мамлекеттик медицина академиясынын 7-жатаканасынын дубалына тартылды.

Эмгекти скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев жаратты. Сүрөттүн жалпы аянты 200 чарчы

метрди түзөт. Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлдү.

21 жаштагы Адинай пандемия курчуган учурда Бишкектеги стационарлардын биринде

ыктыярчы болуп иштеген. Дубалдын экинчи бөлүгүндө медицина

кызматкерине гүл сунуп жаткан кичинекей кыз көрсөтүлдү.