Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу эки эсе көбөйдү

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу эки эсе көбөйдү.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун айтымында,

«Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу

ноябрда күнүнө 60 вагонго чейин жүк ташылса, учурда 125 унаа өтүп жатат.

Муну менен белгиленген план 100 пайызга аткарылды. Бул экономикага

дагы он таасирин тийгизет. Буга себеп бажыдан түшкөн кирешенин

70 пайызы Кытайдан келет, — деп кошумчалады төрага.