Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө айыптарды төлөө мөөнөтү дагы бир жылга узартылды.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда
жеңилдик берилет. Алсак, кийинки жылдын 1-июлуна чейин карыздын негизги суммасын
төлөгөндөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар толугу менен жоюлат. Ал эми
2022-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө айыптын 50 пайызы кыскартылат.
Жеңилдик 2020-жылдын 1-июлуна чейинки карыздарга тиешелүү.