Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, Гоголь – Чүй жана Ахунбаев — Тагай-Бий
көчөлөр кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган 3 контейнер алынды.
Андан тышкары, Садыр-Аке, Раззаков, Абдрахманов, Садырбаев, Күйүков,
Курчатов жана Москва көчөлөрүндөгү вагон, киоск, жарнама тактасы,
темир гараж жана тосмолор демонтаждалды.