Кыргызстанда буудайдын баасы 40 пайызга жогорулады

Кыргызстанда буудайдын баасы 40 пайызга жогорулады.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, учурда буудайдын

баасы республика боюнча орточо эсеп менен 29 сомдон сатылууда.

Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8 сом 20 тыйынга кымбаттады.

Ошол эле учурда, эң кымбат буудай Бишкекте килограммы 31 сом 46 тыйын, Токтогулда

31 сом жана Исфанада 30 сом 73 тыйын болсо, өлкө боюнча эң арзаны  Чаек айылында,

килограммы 18 сомго барабар болсо, Караколдо 20 сом 87 тыйынга барабар.