Токмок шаарынын жана Чүй районунун ЗАГС бөлүмдөрү карантинге жабылды

Токмок шаарынын жана Чүй районунун ЗАГС бөлүмдөрү карантинге жабылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, мындай чечим курчуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

 

Нике абалын каттоо боюнча бөлүмдөр бүгүн жабылат, ал эми качан ачылат, азырынча белгисиз.