Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда.
Түшүндүрүү иштеринен кийин, Семетей жана Подольская көчөлөрүнүн кесилишиндеги
бастырмаларды ээлери өз ыктыяры менен алышты. Андан тышкары, Манас, Ак-Тилек
Архитекторский, Чүй, Жолон, Ашар, Шота Руставели, Чайковский көчөлөрүндөгү,
4-кичи райондогу, Дордой-2 конушундагы мыйзамсыз орнотулган тосмолор демонтаждалды.
Иштерди “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.