Талас облусунун Көк-Ой айылында жаңы оорукана пайда болот

Талас облусунун Көк-Ой айылында жаңы оорукана пайда болот.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев билдиргендей,

учурда 320 орунга ылайыкташкан медициналык мекеменин курулуш иштери жүрүп жатат.

Жумуштар өткөн ишембиде старт алды. Аны 25-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, буга чейин президент өлкөнүн ар бир облусунда

комплекстүү ооруканалар куруларын убада кылган.