Ушул жуманын аягы жаан-чачындуу болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүкүнү Бишкекте,
Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында жаан жаап, күн күркүрөп, абанын табы төмөндөйт.
Чүй облусунун тоолуу аймактарында жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жамгыр катуу жаайт.
20-майда күндүз катуу шамал болот, анын ылдамдыгы секундасына 14-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба-ырайы транспорт каражаттарынын, байланыш жана
коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.