Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүн ондоо иштери уланууда

Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүн ондоо иштери уланууда.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, анын алкагында трассага жаңы асфальт катмары төшөлүп, тротуарлар курулуп, жаңы ирригациялык тармак өткөрүлөт.

 

Андан тышкары, Аламүдүн дарыясы аркылуу узундугу 24, ал эми кеңдиги 14 метрге жеткен көпүрө курулат. Эске салсак, бул иштер өткөн жылдын март айында башталып, ноябрда токтотулган. Эми жумуштар жанданып, жол жана көпүрө колдонууга июнь айында берилет деп пландалууда.