Кыргызстанда 1-июндан тарта айрым жөлөк пулдар көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-июндан тарта айрым жөлөк пулдар көбөйтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Документке ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” пособиеси 1 миң 200 сомго чейин жогорулатылат. 1-топтогу майыптар 5 миң 500 сомдон, 2-топтогулар 3 миң жана 3-топтогу майыптыгы бар жарандар 2 миң сомдон жөлөк пул алат.

 

Ата-энесинин биринен ажыраган балдардын жана баатыр энелердин пособиелери 3 миң сомго чейин жетет.

 

Жалпысынан 28 миң 639 миң адамдын социалдык төлөмдөрү жогорулатылат.