Бишкекте жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлөт

Борбор калаадагы жер тилкелерин колдонууга берүү боюнча комиссиянын жыйыны түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары калаанын ар бир жашоочусу павильон, киоск жана башка жеңил конструкцияларга, жеке курулуштарга жер кандайча берилип жатканын түз эфирден көрүп, күбө боло алат.

 

Комиссиянын жыйынынын видеотрансляциясын Жер ресурстары боюнча башкармалык менен Муниципалдык мүлк башкармалыгынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан көрүүгө болот.

 

Ар бир жыйындын видео жазылмасы ишкананын атайын дата-борборлорунда сакталат. Тийиштүү буйрукка жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду.