Шаар тургундарына 4 миллиондон ашык айып салынды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, алар өз ээлигиндеги жерди тазалабай,
желим жана таштандыларды өрттөшкөн.
Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 15-майдан 30-ноябрга чейин
бузуулар тууралуу кодекстин беренелери боюнча 453 протокол түзүлдү.